Орусиянын президенти Владимир Путин менен Беларустун президенти Александр Лукашенко кийинки аптада, тагыраагы, 14-сентябрда жолугушат. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго таянуу менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Анда жазылган маалыматка ылайык, лидерлер 14-сентябрда Сочиде жолугушат. Песковдун айтымында, жумушчу жолугушууда эч кандай документтерге кол коюлбайт жана басма сөз жыйыны өткөрүлбөйт.
Владимир Путин менен Александр Лукашенко Беларуста бийликке каршы массалык демонстрациялар башталгандан бери биринчи жолу жолугушмакчы.