Иранда грек-рим күрөшү боюнча чемпион өлүм жазасына тартылды

Иранда өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча чемпиону Навил Афкари өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, 27 жаштагы спортчу кечээ, 12-сентябрда эртең менен Фарс провинциясында өлүм жазасына тартылган.

"Афкари 2018-жылы өкмөткө каршы уюштурулган көчө демонстрацияларына катышканы үчүн айыптуу деп табылган. Мындан тышкары спортчу кароолчунун өлүмүнө дагы катышы бар деп айыпталган", - деп жазылат маалыматта.

Ага чейин Афкаринин таламын UFC башчысы Дана Уайт жана АКШ президенти Дональд Трамп да талашканы белгилүү болду. Бирок иран бийлиги өкүмдү ишке ашырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Jaka78
2020-09-13 10:48:43
Демек закон күчтүү экен да...
+5
Jibakana
2020-09-13 10:57:18
Уже олум жазасына тартылды каза болдубу?
+8
marat_1910
2020-09-13 12:23:37
жестко!!!
+1
Janyl98
2020-09-13 12:59:57
Бийлике сын айткан учун официальный бийлик атып олтурткон экен. Бул эмне деген акмакчылык. Иран дуйно жузуно шерменде болуп журо берсин.
+4
batleybesh
2020-09-13 15:16:51
Janyl98,ит уро берет, кербен журо
берет
-1
TIMON_BERKOWITZ
2020-09-13 21:11:59
Дикость 21 века!
Булардын закону бизге келсе 120 адам кырылат го кырылат!
+1
Nursul
2020-09-13 21:25:23
TIMON_BERKOWITZ, 120нын ошончо кошоматчылары барда
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан