Өзбекстанда бир суткада 192 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бир суткада коронавирус 7 аймактан катталды. Эң көбү Ташкент шаарында (96), Самаркандда (51), Андижанда (17) аныкталды. Илдетти жуктуруп алгандардын жалпы саны 47 миң 42ге жетти.