Казакстандын Алматы шаарында нааразычылык акциясы өтүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып жатышат.
Маалыматка ылайык, нааразычылык акциясына чогулгандар бийликтен насыялык мунапыс берүүнү, саясий туткундарды бошотууну талап кылып, чет өлкөлүктөргө жер берүүгө каршы болгон пикирлерин айтып жатышат. Нааразычылык акциясы жергиликтүү бийлик менен макулдашылган.
Жалпысынан акцияга 350гө чукул адам катышты.