Өлүм жазасына тартылган ирандык балбандын акыркы сөздөрү интернетке тарады

2018-жылы өкмөткө каршы уюштурулган көчө демонстрацияларына катышканы үчүн күнөөлүү деп табылып, өлүм жазасына тартылган грек-рим күрөшү боюнча Ирандын бир нече жолку чемпиону Навил Афкаринин жазага тартылуу алдындагы акыркы сөздөрү интернетке тарады.

"Эгерде мен өлтүрүлсөм, анда сиз акыйкат үчүн күрөшкөн жана аны угуу үчүн бардык күч-аракетти жумшаган бейкүнөө адамды өлтүргөнүңүздү билиңиз. Бирок эч ким уккусу келген жок", - деген Афкари.

Мындан тышкары Афкариге жазага тартылар алдында үй-бүлөсү жана жакындары менен акыркы жолу жолугушууга уруксат берилген эмес.

Балбанды сактап калууга АКШ президенти Дональд Трамп, UFC президенти Дана Уайт, Эл аралык олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах жана башка көптөгөн таасирдүү адамдар аракет кылышкан. Бирок Иран бийлиги катуу турду. Афкари Шираз шаарындагы Адель-Абад түрмөсүндө дарга асып өлтүрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Baatirbek81
2020-09-14 18:05:02
Ыйманы саламата болсун!
+4
Nursul
2020-09-14 20:10:48
Мусулман өлкө болуп мындай кылгандары өтө жаман экен 16 кылымда дарга асуу бар эле Иран 16 кылымда жүрөт дегендик эмес бирок.
+6
PROS
2020-09-15 20:00:44
Nursul,өлүм жазасы 16-кылым эмес, 21-кылымда эң өнүккөн эки өлкөдө бар!!! Кытай жана СШАда. Таң калыштуу бекен? Кызык бекен?!
0
Saiit
2020-09-14 22:06:38
Шиитердин бири олуп бири калсын мага барибир! Шииттер шариятты бурмалаган адашкан калк Хусейинди Кудай деп Алини Пйгамбар деп Сойкулук менен Зынааны адалга айланткан ото чон адашууда жургон Чала Мусулмандар!!
+6
Ruslan-Gaparov
2020-09-15 00:49:29
булар чала мусулмандар шиийалар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан