Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнора Каримованын Швейцариядагы банктык эсептеринде калган каражаттардын эсебинен 131 миллион долларды Швейцария өзбек тарапка кайтарып берүүгө макул болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Каримова Өзбекстанда акча уурдоо жана пара талап кылуу айыптары менен соттолгон. 2012-жылы Швейцариянын Башкы прокуратурасы 800 миллион швейцариялык франкка жакын активдерин тоңдурган.
Бул сумманын болжол менен 131 миллион доллары 2019-жылы конфискацияланган.
Ташкент шаардык кылмыш соту 2020-жылдын март айында кылмыштуу коомду түзүү, опузалоо жана уурдоо боюнча жаңы кылмыш ишинин алкагында, Каримованын абак мөөнөтүн 13 жыл 4 айга узарткан.
Гүлнора Каримова былтыр мартта үй камагынын эрежелерин бузгандыгы үчүн Ташкент облусундагы түзөтүү абагына жөнөтүлгөн. 2015-жылы ага күчтөп акча өндүрүү жана салык төлөөдөн баш тартуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Каримова 2017-жылы 10 жылга эркинен ажыратылып, бирок кийин жаза мөөнөтү беш жылга кыскарган. 2020-жылдын февраль айында ал кылмыш ишин куугунтуктоону токтотуу үчүн мамлекетке 686 миллион доллар берүүгө даяр экендиги айтылган.