Конор Макгрегор баш тартпаган орусиялык гимнастчы кыздын сулуулугу интернет колдонуучуларын суктандырууда

Орусиянын эмгек сиңирген спорт чебери, көркөм гимнастика боюнча "Лондон-2012" жайкы олимпиада оюндарынын чемпиону 25 жаштагы Каролина Севастьянованын сулуулугуна интернет колдонуучулары суктанып бүтпөй жаткан чагы.

Каролина Севастьянованын UFC уюмунун атактуу мушкери Конор Макгрегор менен түшкөн сүрөтүнө социалдык тармактын колдонуучулары гимнастчы кыз эмес, тескерисинче мушкер бул сүрөт үчүн бактылуу болушу керек экендигин жазып калтырышкан.

Мушкер менен түшкөн сүрөтүн Каролина Севастьянова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына эч кандай түшүндүрмө жазбай эле жүктөгөндүктөн, көпчүлүк интернет колдонуучулар экөөнүн ортосунда сүйүү мамилеси бар деп күмөн санай баштаган. Кийинчерээк гана Каролина сүрөт боюнча түшүндүрмө берген. Анын айтымында, Конор менен сүрөткө түшүү үчүн ал өзү кайрылган. Сүрөткө түшкөн учурда Каролина жигити менен, ал эми Макгрегор аялы менен жүргөндүгүн билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sajakat14
2020-09-15 17:10:46
Укмуштуудай сулуу кыз экен чын эле!
+10
Ka2sr1
2020-09-15 21:23:48
Сулуулугунда кеп жок чиркин. Кыздардын сулуу болуп, жылдыздуу корунуп, жасанып жургондору кандай сонун.
+3
Barcho
2020-09-16 15:18:09
Сулуу экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан