Американын Фэйрфакс шаарынын тургуну өзүнүн туулган күнүндө лотереядан миллион доллар утуп алды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Американын тургуну Боу Сохом "Mega Millions" лотереясынан эки миң доллар (160 миң сом) утуп алды. Анын туулган күнүнө күйөөсү кайсы лотерея билетин алгысы келерин сураганда, жубайы дагы бир жолу өз бактысын сынап көрүүнү чечип, 30 долларга (2 миң 300 сомго) билет сатып алууну суранган. Күйөөсүнүн белеги ага миллион долларлык сыйлык алып келди.
Жеңүүчү алган акчасына насыясын төлөп, тиш доктурга барарын жана алты небересин багууга керектелерин
айтты.