"Netflix" сервиси Кыргыз өлкөсүнүн UFC чемпиону Валентина Шевченко катышкан Голливуд жылдызы Холли Берринин "Bruised" тасмасын сатып алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Netflix" көркөм тасманы көрсөтүү укугуна ээ болуу үчүн "Endeavor Content" компаниясына 20 миллион доллар төлөгөн. Кино жаратуучуларга Торонтодогу эл аралык кинофестивалда тасманын бет ачары болгондон кийин сатуу сунушу түшкөн.
Валентина Шевченко фильмде терс ролду аткарып, башкы каарман Холли Берринин атаандашынын ролун ойногон. Фильм Жеки аттуу мушкер кыз (Холли Берри өзү тартылган) тууралуу тартылган.
"Сценарий боюнча мушкер кыз негизги беттештен жеңилип калып, карьерасы артка кетет. Мушкер "жашоодо колуман мушташтан башка эч нерсе келбейт" деп эсептеп жүрөт. Сызга отуруп калган Жеки карьерасы үчүн карабай кеткен алты жаштагы баласы менен мамилесин оңдоону чечет. Бирок ринг менен жеңишти эңсеп туруп алат. Бир күнү жаш жылдыздардын бири менен беттешүүгө мүмкүнчүлүк жаралат, Жеки каршылашы өзүнөн күчтүү экендигине карабастан макул болот", - деп жазылат маалыматта.