Таиланддын Ройет шаарында мектеп окуучусу кубаттагычка туташкан телефондон музыка угуп жатып, ал жарылып каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 16 жаштагы Танялак Файдын бөлмөсүнө ата-энеси кечки тамакка чакыруу үчүн киргенде жансыз денесин көрүшкөн.
Маркумдун телефону жарылганда анын моюну жана колу күйүп, ал ошол жерден каза болгондугу аныкталган.