Япониянын жаңы премьер-министри болуп Ёсихидэ Суга дайындалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
71 жаштагы Ёсихидэ Суга башкаруучу Либерал-демократиялык партиясынан сунушталган. Ал 2012-жылдан бери мурдагы өкмөт башчы Синдзо Абэнин тушундагы өкмөттө министрлер кабинетинин башкы катчысы кызматын аркалаган.
Партиянын мыйзамына ылайык, Суга 2021-жылдын октябрына чейин, тагыраагы, отставкага кеткен Абэнин ыйгарым укуктуу мөөнөтү аяктаганга чейин өкмөт башчылык кызматты аркалайт. Андан соң кайра 3 жылдык толук мөөнөткө шайлоо өткөрүлөт.
Япониянын экс-премьер-министри Синдзо Абэ өнөкөт оорусу өрчүп кеткенине байланыштуу 28-августта отставкага кеткен. Ал Япониянын тарыхындагы өкмөттү эң узак башкарган өкмөт башчы катары белгилүү.