Бүгүн, 3-июль саат 10:00гө карата өлкөдөгү эпидемиологиялык абал менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү тааныштырып, сутка ичиндеги болуп жаткан окуялар тууралуу айтты.
Анда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу маалыматты министрликтин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова айтып, акыркы окуяларга комментарий берип жатып көзүнө жаш алды.
Сутка ичинде 506 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталып, 125 бейтап айыкты делинип, үйлөрүнө чыгарылды. Дагы 10 бейтап көз жумду.