Тарзан каймана аты менен белгилүү болгон 50 жаштагы орусиялык актёр Сергей Глушконун 28 жаштагы сүйгөн кызы Анастасия Шульженконун интимдик видеосу ачыкка чыкты. Видеону актёрдун сүйгөнү Орусиянын Биринчи каналындагы "Чындыгында" берүүсүндө ачыкка чыгарган.
Шульженконун айтымында, ал Тарзандын күйөрманы болгон жана аны менен телеберүүлөрдүн биринде таанышкан. Алар актёрдун бош убактысы болгондо жолугуп турушчу. Ачыкка чыккан видеону Шульженко атайын эстелик үчүн деп тартып алганын айткан.
Мындан тышкары ал эфирде Тарзандан боюнда бар экендигин билдирген. Эфир учурунда кыздан дагы бир жолу тест тапшыруусу талап кылынган жана анын жыйынтыгы менен кыздын боюнда жок болуп чыккан.
"Эгерде мен кош бойлуу эмес экенимди билсем, анда Сергей менен болгон мамилем жөнүндө эч качан айтпайт элем. Көрсө мен ал кишини жамандаптырмын. Бул аябай коркунучтуу. Тесттен боюмда жок болуп чыкканына түшүнбөй жатам", - деп ыйлаган эфирде Шульженко.
Буга чейин Тарзан аялы Наташа Королёванын көзүнө чөп салганын моюнуна алган.