Малайзиялык 20 жаштагы Закридза Родзинин үйүнөн маймыл смартфонун уурдап кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу жоголгон уюлдук телефонун эртең менен тапкан, бирок кызыгы бөлмөдө эч кандай белгилер жана сынган буюмдар болгон эмес.
"Жигит атасынан уюлдук телефонуна чалууну өтүнүп, үйгө жакын жердеги бадалдардын арасынан анын шыңгыраган үнү аркылуу тапкан. Родзи смартфон галереясын ачканда маймылдын көптөгөн кызыктуу сүрөттөрүн көргөн. Мындан тышкары, маймыл кокусунан видео да тартууга жетишкен", - деп айтылат маалыматта.
Видеодо жаныбардын уюлдук телефонду кантип жегиси келип жаткандыгын көрүүгө болот.