Мьянмада эки баштуу наристе жарык дүйнөгө келди

Мьянмада эки баштуу наристе жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, 16-сентябрда Нейпьидо районундагы төрөтканалардын биринде 29 жаштагы Санда Мьин эркек баланы жарык дүйнөгө алып келген.

Төрөткананын дарыгери Ю Тун Тундун айтымына караганда, наристенин салмагы 2 килограмм 500 грамм. Наристени сиам эгиздерине окшоштуруу мүмкүн эмес. Анткени балада органдары бир комплект болгон. Ал эми сиам эгиздеринде ички органдары эки комплект болот. Ошондой эле наристеге атайын көзөмөл керек.

Наристе төрөлгөн соң аны борбордун атайын медициналык жайына жеткиришкен. Учурда анын абалы жакшы экенин дарыгер кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Asel69
2020-09-18 11:13:40
Жараткан Тенирим ден соолук берсин. Тенирим колдосун. Ден соолукта болуп, бар болунуздар. Арыбаңыздар.
-19
Jibakana
2020-09-18 11:54:03
Asel69,Ошо тенирин сени колдой албайт го Аллахым колдойт баарыбызды
+18
Merelisha
2020-09-18 14:01:56
Тенир Тенир, жаман жанды кашайттынар го жооттор!! Канкайта бир тепсе
+5
Asel69
2020-09-18 14:44:50
Merelisha,
Чыдамдуулука, толеранттуулука, сабырдуулука, адамкерчилике уйронгуло диний радикалдар.
-6
kanu
2020-09-19 00:06:46
Merelisha,
0
Tymar
2020-09-18 14:48:22
Жаратылышта бир гана Жараткан Тенир колдойт. Тенирим ден соолук берсин, омур берсин.
-10
Omar-Asanov
2020-09-18 17:40:43
Кудай сактасын!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан