Кытайда улгайган ата-энелер 38 жыл мурун уурдалган уулу менен жолугушту. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Кытайдын Шэньси провинциясындагы айылдык үй-бүлөнүн эки жаштагы Джин Шуй аттуу баласын 1982-жылы уктап жаткан жеринен уурдап кетишкен.
Анда ошол күнү үйдүн ээси конокко кетип, үйдө аялы, кызы жана баласы калган. Алар үйдү бекитип жатышкан эмес. Таңга маал апасынын жанында уктап жаткан уулу дайынсыз жоголгон. Бирок издөө иштеринде үй-бүлөнүн уулу табылган эмес.
38 жылдан кийин полиция кызматкерлери 70 жаштагы ата-энеге уулун таап беришкен. Алар муну ДНК аркылуу да аныкташкан. Ал эми табылган жаран ата-энесинен миң чакырым алыстыкта жашап жүргөн.