Орусиянын Корсаково аймагында балконго кофе ичүү үчүн чыккан эки пенсионер балкон плитасы менен кошо жерге кулап түштү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, балкон турак үйдүн үчүнчү кабатында жайгашкан. Кулап түшкөн эки аял тең оор абалда ооруканага жеткирилген.
2017-жылы май айында дагы Орусиянын Пенза шаарында пенсионер балкондон кулап түшүп, жүлүнүнөн жаракат алганы белгилүү болгон.