Израиль дүйнөдө биринчилерден болуп кайрадан карантин киргизди

Израилде кайрадан жалпы улуттук карантин киргизилди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган өлкөгө үч жумалык чектөө киргизилип, бул мөөнөт дагы узартылышы мүмкүн экендиги айтылат.

Карантинди кайталап киргизүү себебин премьер-министр Биньямин Нетаньяху төмөнкүчө түшүндүрдү.

"Премьер-министр катары менин милдетим - силердин ден соолугуңарга гана эмес, өмүрүңөргө дагы кам көрүү. Бул илдетти ооруканаларга кошумча койкаларды коюу же тийиштүү аппараттарды алуу менен жеңүү мүмкүн эмес экен. Оору жуктургандардын саны көбөйүп кетсе, дарыгерлер элдин өмүрүн сактаганга жетишпей калып жатат", - деген ал.

Мындан тышкары, премьер-министр карантин учурунда ишкерлерге мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлөрүн кошумчалаган.

Карантиндик чектөөлөрдө үйүнөн 500 метр алыс чыгууга тыюу салынып, кийин бир чакырымга чейин узартылды. Эл ушул дистанцияны сактоо менен сейил бактарга, балдар аянтчасына жана сыйынуучу жайларга бара алышат.

Үйдөн бир чакырымдан алыс кетүүгө төмөнкү учурларда гана уруксат берилет: жумушка барганда, азык-түлүк менен дары-дармек алууга чыкканда, адамдарга биринчи жардам көрсөтүү керек болгондо, сотко жана донордук пунктуларга барганда.

Үй-бүлөгө спорт менен машыгууга уруксат, бирок машыгуу жайларына барууга болбойт. Ал эми атайын мелдештердин катышуучулары спорт залдарга бара алышат.

Ошол эле учурда конокко барууга, пляжда эс алууга, жабык имараттарда 10дон ашык, ачык аянттарда 20дан ашык адамдын топтошуусуна тыюу салынат. Коомдук транспорт менен ишканалардын иши чектелет. Билим берүү жана көңүл ачуучу жайлар, кафе, ресторандар, спорт клубдар, соода борборлор менен сулуулук салондору жабылат.

Карантиндин сакталышын миңдеген полиция кызматкери көзөмөлдөйт. Алар негизинен түшүндүрүү иштери менен алектенишет. Ал эми бет кап тагынбагандарга жана башка талаптарды аткарбагандарга айып пул салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан