Орусия Кыргыз өлкөсү менен болгон авиакаттамдарын 21-сентябрдан тарта жандандырат. Бул тууралуу орус басылмалары өлкөнүн инфекция менен күрөшүү боюнча ыкчам штабына таянуу менен жазып чыгышты.
Ал эми 27-сентябрдан баштап Түштүк Кореяга болгон авиакаттамдар иштеп баштайт. Аталган өлкөлөргө болгон каттамдар аптасына бир жолу эки тараптын өз ара сүйлөшүүсү аркылуу ишке ашат. Ыкчам штабдан авиакаттамдар аталган өлкөлөрдүн борбору болгон Минск, Астана, Бишкек жана Сеул шаарлары менен калыптанып жатканын белгилешкен", - деп жазылат маалыматта.
Маалыматты тактоо үчүн Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигине байланышып төмөндөгүдөй жооп алдык.