Ош шаарында санитардык-эпидемиологиялык эрежелер бир нече жолу бузулушунан улам 5 ресторандын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдирди.
Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 12-октябрында Ош шаардык прокуратурасы, Ички иштер башкармалыгы жана муниципалдык аймактык башкармалыктары тарабынан түзүлгөн мобилдик топтор менен биргеликте рейддик иш-чараларды күчөтүү учурунда "Мээрим", "Ала-Тоо", "Эне-Сай", "Хан-Ордо" жана "Ак-Кайың" ресторандарынын ишин токтотту.