Жарандар бет капты жабык имараттарда жана таза абада тагынып жүрүүгө милдеттүү. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
"Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун адистери, коронавирустун жаңы толкунунун бир себеби – санитардык талаптардын, бет кап режиминин жана социалдык аралыктын сакталбагандыгы деп эсептешет. Ошондой эле 80 пайыз адамга вирустун жугуу булагы болуп, вирус жуктургандардын 10-20 пайызы эсептелет. Андыктан ооруган адам дагы, дени сак адам дагы бет кап режимин, социалдык аралыкты сактоосу жана башка санитардык талаптарды аткаруусу зарыл. Жарандар бет капты жабык имараттарда жана таза абада тагынып жүрүүгө милдеттүү", - деди Нурболот Усенбаев.