Бир сутка ичинде өлкө боюнча 10 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Ал эми бир суткада стационардан 6, үй карантининен 10 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында – 3 миң 555 учур катталды, алардын ичинен 3 миң 200 медкызматкер айыгып чыккан.