Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Мындай маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.
Бишкек шаары – 1;
Ош шаары – 1;
Чүй облусунда – 1.
Ал эми бир суткада стационардан 5, үй карантининен 10 медкызматкер чыгарылган.
Республика боюнча COVID-19 диагнозу 3 миң 634 медицина кызматкерине коюлуп, алардын ичинен 3 миң 387си сакайды.