Түштүк Кореяда коронавирустун үчүнчү толкуну башталганы айтылды

Сеулда коронавирустун үчүнчү толкуну башталды. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Биз Сеулда коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкуну болуп жатат деп эсептейбиз. Себеби февраль айынан март жана август айларына чейинки байкоолор бүгүнкүдөй жыйынтыкты көрсөткөн", - деп жазылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, өлкөдө беш баскычтуу социалдык аралыктын системи колдонулат. Саламаттыкты сактоо министрлиги муниципалдык бардык органдарга социалдык аралыктын деңгээлин жөнгө салуу боюнча өз аймактарындагы кырдаалды жакшыраак чечүү үчүн талаптарды койду.

Белгилей кетсек, Түштүк Кореяда акыркы сутка ичинде күнүнө 300 адамдан коронавирус илдети аныкталып жатат. Сеулда бир күн мурун COVID-19дун 218 учуру катталган, бул август айынан берки эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет.

Октябрь айынын ортосунан баштап, өлкө эң төмөнкү көрсөткүчтөргө жеткенин, анда күнүнө коронавирус инфекциясы 60-150 адамдан аныкталып турган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bekalife
2020-11-20 14:37:02
Демек биздеда 3-толкун болуп жатат десек болчудай
0
Barcho
2020-11-20 15:18:16
Бизде 2-толкун буто да элек болсо кк
0
KUTUZ87
2020-11-20 15:55:43
Маска таккыла той аштан тыйылгыла Кореяда только маска медицина онуккон. Маршрутка тушуондо созсуз маскачан тушкуло
+2
med1983
2020-11-20 20:05:40
бизде тойдун толкуну болуп атат окшойт
+2
KUBA21
2020-11-20 22:58:47
Эх Эми 3-толкун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан