Бүгүн, 10-декабрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 69 миллион 524 миң 946 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 44 миллион 811 миң 148 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 580 миң 727 (+12215) адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 15 миллион 599 миң 122 болду. 292 миң 1 адам каза болсо, 5 миллион 985 миң 47 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 9 миллион 767 миң 371 адамдан аныкталды. 141 миң 772 адам каза болсо, 9 миллион 253 миң 306 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 6 миллион 781 миң 779 адам вируска кабылган. 179 миң 765 бейтап көз жумса, 6 миллион 43 миң 219 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.