Биз социалдык тармакта

Фамилияны, атты шашылыш түрдө өзгөртүү боюнча акы төлөөчү кызматтын баасы аныкталды

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти документтен фамилияны, атты жана атасынын атын шашылыш түрдө өзгөртүү боюнча акы төлөөчү кызматтын баасын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, ушул эле сумманын ичине документтеги өзгөртүүлөрдү жарандык абалдын актылары боюнча китепке киргизүү кызматы дагы кирет.

Кызмат баасы 585 сом туруп, арыз түшкөндөн кийин 1-3 күнгө созулат. Ал эми акысыз кызматты колдоном десеңиз, аты-жөнүңүздү 10 күндүн ичинде өзгөртө аласыз.

"Аталган кызматтын ишке киришине жарандардын сунушу себеп болду. Бул нерсе шашылыш түрдө жаңы документ алуудагы коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгарат", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын жарандарынын идентификациялык картасына, тагыраагы, ID-картасына "этностук таандыкты" көрсөтө турган графа киргизилгени кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
gitaris93
2020-12-17 15:22:30
17000 миң кеттиго мага к.т.г..
0
Assalomuallekum
2020-12-17 15:28:02
Фамилиямды озгортсом мен диплоп,ары бери дакменттер не болот ошондо баарын озгортуш керекпи Ким билет(Рахмат чон Ким жоп берип койсо)
0
Nur777
2020-12-17 17:14:49
Assalomuallekum,ооба,полный озгортосуз,диплом,права и т.д баарын...
0
take_83
2020-12-17 22:35:26
Метиркадан башталат баары озгорот
0
Zo9lu
2020-12-17 23:23:53
Jok diplom,pravalardy ozgortpoisuz,famil9nyzdy ele ozgortozuz,oshol ozgortkon jerden sizge kagaz beret ozgortuldu degen oshonu tirkep koiosuz
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан