Кыргыз өлкөсүндө дагы 14 адамдан коронавирус аныкталды. Ооругандардын жалпы саны 58ге жетти. Анын 54ү өлкөнүн түштүк аймагына туура келет. Калган 4өө Бишкек шаарында дарыланууда.
Жаңы катталган ооругандарга келсек, Өзгөн районунда биринчи жолу 3 тургун коронавирус жуктуруп алышты.
27-мартта өлкө ичинде гана эмес, өлкөнүн чет жакасында жүргөн Кыргыз жарандарынан да коронавирус аныкталды. Алардын ичинен: Бириккен Араб Эмирликтеринде – 1 жаран (Сауд Арабиянын Жидда шаарына барып келген); Пакистанда – 3 жаран; Испанияда - 1 жаран.
Эл аралык валюта фонду коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кыргыз өлкөсүнө 120 миллион 900 миң доллар бөлдү.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.