Кечээ, 18-декабрда Бишкек шаарында ышка каршы марш өткөн. Акцияга болжол менен жүздөй адам катышып, Эркиндик бульварынан "Ала-Тоо" аянтына чейин жөө басышкан.
Бул марш өткөндөн кийин Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады. Өз билдирүүсүндө ал бул боюнча өз оюн келерки жумада түз эфирде айтарын жазды.
"Мен бүгүнкү “Тынчтык маршы” боюнча элдин, шаардыктардын оюн уктум, алардын пикири, айта турган мүдөөлөрү мага жетти. Кара түтүн (смог) жана полигон боюнча шаардыктарыбыздын бизге берген эскертүүлөрүн мен өтө терең баалайм жана кабыл алам.
Ушундан улам келерки жумада таштанды полигону жана кара түтүн боюнча өз оюмду түз эфирде билдирем", - деп жазды Түлөбаев.