Биз социалдык тармакта

Эльвира Сурабалдиева педофилдердин жүзүн ачыктап, коом алдында ашкере кылууну сунуштап чыкты

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева педофилдердин жүзүн ачыктап, аларды коом алдында ашкере кылууну сунуштап чыкты.

Бул тууралуу ал социалдык тармактагы жеке баракчасына билдирүү жарыялады.

Анын билдирүүсүнө ылайык, Казакстан колдонуп жаткан педофилдер менен күрөшүү боюнча практика Кыргыз өлкөсүнө да керек.

"Мектептен баштап балдарыбызга элементардык нерселерди, чоочундарды ээрчибегиле, унаасына отурбагыла, такыр сүйлөшпөгүлө, алданбагыла деп үйрөтүүбүз керек экен.

Педофилдер ким экенин чоңдор билбеген учурлар да бар. Интернеттеги порнографияга өспүрүмдөр үчүн чектөө болушу зарыл. Балдардын телефондорун, компьютерлерин акыркы жолу качан текшердиңиздер эле? Кошуна Казакстанда педофилдердин атайын картасы ачылыптыр. Ал жерде бойго жете электерди зордуктагандардын тизмеси, сүрөттөрү менен ачык чыгарылат экен.

Ушундай карталар бизге да керек. Аларды ар бир ата-эненин, жалпы эле эл-журтубуздун назарына чыгарбасак болбой калды. 13 жаштагы кызды бир нече эркек зордуктаганы далилденгенде, айылдаштары тескерисинче ал кыздын өзүн, ата-энесин күнөөлүү кылып салган учурга баарыбыз күбө болдук. Кыргыз өлкөсүндө педофилдердин картасын түзүп, ачыкка чыгуусуна сиздердин ой-пикириңиздер кандай? Аларды аяп, байкуштардын жакындары бар да деп боору ооругандар барбы арабызда?" - деп суроо салган Сурабалдиева.

Белгилей кетсек, сунушталган картада кылмыштардын аймактар ​​боюнча бөлүштүрүлүшү, ошондой эле соттолгон педофилдердин жеке маалыматтары көрсөтүлөт.

30-декабрда Эльвира Сурабалдиева мектеп программасына жыныстык маданият сабагын киргизүү керек деген сунушун айтып чыккан. Бул демилгени азыр да социалдык түйүндүн колдонуучулары кызуу талкуулап жатышат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Kuban-1207
2021-01-02 16:13:13
Туура
+17
serche
2021-01-02 16:43:46
Ошентиш керек
+11
guard
2021-01-02 17:20:36
Эчак эле ошентуу керек болчу!!!
+10
nazira...
2021-01-02 18:05:15
Ай билбейм, колдошот.бекен. Бычып эле салсачы, суротунун кереги деле жокбу дейм да.
+6
Nursul
2021-01-02 18:40:18
Эң туура бирок ошол ишке ашабы деген суроо жаралат да, мисалы карапайым педофил болсо аны элге ачык чыгарып а акчасына көпкөн адам болсо аны чыгарбай чыгарсаңар да бетин тосмолоп чыгарасынарбы дейм да. Өмүр бою өкүнүп өтчүдөй бир жаза киргизип койсо жакшы болмок педофилдерди бычып эле салыш керек алар ошого татыктуу.
+5
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-01-02 18:55:45
Колдойм.Бычып салуу керек деген мыйзам кирсе экен
+3
zam81
2021-01-02 19:40:07
2 жумурткасын жулуп эле салгылада суротун коргондо не кылчуу киши агада карабайт
+7
bekbol2006
2021-01-02 20:16:45
Туура
+4
arimaz89
2021-01-03 20:16:41
Алгач бычып салып, андан соң сүрөтүн чыгаруу керек. "Ушундан абай болгула, балдар" деп. Антпесе, бычылганыма ушул кенедей немелер себепчи" деп майда балдарды дагы бир нерсе кылып жүрөбү эрегишип
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан