Бүгүн, 22-январда пандемиянын кесепеттерин иликтеген ведомстволук комиссиянын жыйыны болду. Анда комиссиянын мүчөсү Айдай Турсунбекова Саламаттыкты сактоо министрлиги 1 жарым ай бою даяр протоколду колдонууга буйрук чыгарбаганын билдирди.
Айтымында, коронавирустун биринчи толкуну күч алган кезде дарылардын жетишсиздиги коронавирусту дарылоо боюнча протоколдун колдонууга чыкпаганы себеп болгон.
"Протоколдун үчүнчү версиясы май айынын башында даяр болгону менен Саламаттыкты сактоо министрлиги протоколду июнь айында бекиткен. Клиникалык протокол менен дарылоо тууралуу буйрук эки аптадан кийин чыккан. Мындан улам керектүү дарылардын тизмеси фармацевтикалык компанияларга июлда берилген. Анын кесеспетинен маанилүү болгон дары-дармектер убагында келбей калган", - деди ал.