Бүгүн, 25-январда Бишкекте шаардык мэриянын алдында коомдук транспорттогу жол кирени көтөрүүгө каршы тынчтык митинги өтүп жатат.
Акциянын катышуучулары учурда элдин кыйналып тургандыгын айтышып, бул маселени чече албаса шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин отставкага кетүүсүн талап кылууда.
Алар колдоруна "Балбак Түлөбаев, бардак кылба", "Акча жокто, арзан жол" , "Маршруттук мафияга жол жок" деген өңдүү плакаттарды көтөрүп алышкан.
Белгилей кетсек, буга чейин шаардагы маршруттук каттамдардын айдоочулары иш таштарын билдиришип, жол кирени көтөрүүнү талап кылышкан. Кийинчерээк, Балбак Түлөбаев айдоочулар менен жолугушуп, аталган маселе чечиле тургандыгын билдирген.

