АКШда коронавирус инфекциясынан каза болгон адамдары эскерүү үчүн үч күн желектер түшүрүлөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президенти Дональд Трамп социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып калтырган.
"Мен бардык федералдык имараттарда жана улуттук көркөм жайларда коронавирустун айынан каза болгон америкалыктарды эскерүү үчүн желектерди түшүрүү үчүн буйрук берем", - деген Дональд Трамп.
Буга чейин Трамп аскер учактарын өлкөнүн бардык шаарларына демонстрациялык учууларды өткөрүүнү буюрган. Анын айтымында, бул аба шоусу коронавируска каршы күрөшүүдө көп күч аракеттерди жасагандардын урматына, ошондой эле оорудан каза болгондордун бардыгын эскерүү иретинде жасаларын айткан.
АКШда жалпы 1 миллион 587 миң 277 адамдан инфекция аныкталды. 94 миң 702 адам каза болсо, 298 миң 418 бейтап айыгып чыкты.