Бишкек шаардык мэриясында калаадагы мектептерди толук ачуу маселеси каралууда

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов шаардагы мектептерди, бала бакчаларды толук ачуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектептерди толук ачуу маселеси шаар мэринин милдетин аткаруучу вице-мэрлер жана муниципалитеттин кызматкерлери менен өткөргөн жыйында талкууланды.
"Борбор калаада эпидемиологиялык абал туруктуу. Мектептер, бала бакчаларды ачуу боюнча ата-энелерден көптөгөн суроолор келип жатат.
Акыркы суткада борбор калаада коронавирус илдети менен жабыркаган 32 адам катталган. Алардын ичинде 18 жашка чейинки мектеп окуучулары катталган жок", - деп жазылат маалыматта.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан