Нарын облусунда 26 миң 428 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү

Нарын облусунда калктын аярлуу катмарына жардам берүү уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Нарын облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов жыйын учурунда айтты.

"Бүгүнкү күндө азык-түлүк коопсуздугу жана алардын камын көрүүдө көп иштер аткарылып жатат. Кампаларда күн сайын муктаждыкка жараша азык-түлүктүн 11 түрү боюнча толуктоолор болуп турат", - деди Эмилбек Алымкулов.

"Облус аймагында 26 миң 428 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди. Анын ичинен 5 миң 961 үй-бүлө материалдык резервден, 1 миң 250 үй-бүлө Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан жардамдарды алды", - деп кошумчалады өкүл.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан