Учурда өлкөбүздө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу Кара-Суу районунун Тельман айылынын жаштарынын демилгеси жана айылдагы демөөрчү жарандардын колдоосу менен "Абалың кандай айылдаш?" аталышындагы кайрымдуулук иш-чарасы өтүп, ардагерлерге, айылдагы муктаж үй-бүлөлөргө жана жашы улгайган аксакалдарга азык-түлүктөр таратылды.
Бул тууралуу демилгелүү жаштар тобу билдиришти. "Мындан сырткары мобилдик капчыктан эсеп ачылып, муну менен гана чектелбестен, кайрымдуулук саамалыкты токтотпой, Рамазан айынын ортосунда да өткөрүүгө ниет кылып, максат койдук", - дешти алар.
Бул демилге Ош облусунун жетекчиси Узарбек Жылкыбаевдин тапшырмасы менен бардык айылдарда улантыла турган болду.