Балбак Түлөбаев дары-дармектин баасын жогорулаткандарга "бул күндөр өткөндө эсептешебиз" деди

Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев бүгүн, 5-июлда маалымат жыйын өткөрдү. Анда ал жарандарга кайрылып, интернет айдыңында тарап жаткан дарылоо ыкмаларын колдонбоого, дары каражаттарын өз алдынча ичпөөгө чакырды.

"Бул оор күндөр дагы өтөт. Биз биргеликте ооруну жеңебиз! Биз силерди таштабайбыз! Дагы бир жолу кайрылам, биз баарын көрүп жатабыз. Азыр элдин арыз-муңунан, көз жашынан акча жасаганды токтоткула! Ар кандай имиштерди чыгарып, дарыңарды сатканды токтоткула! Бул күндөр да өтөт, ошондо силер менен эсептешебиз.

Андан көрө элдин жанында болуп, элди колдогула. Убагы келгенде эл силерге рахматын айтат", - деди ал.

Жыйындын соңунда Балбак Түлөбаев пандемия шартында ишке тартылган бардык кызматкерлерге, жумушчуларга ыраазычылыгын билдирди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ferum96
2020-07-05 12:13:01
Оору бутот , бул кундор да унутулат. Ага чейин эсептешип, даарынын баасын тушуруу керек. Баарында кризис, Элде акча жок. Кайсы акчага даары алат.?
+13
aika17
2020-07-05 12:22:09
Жоо кеткен соң кылычыңды бокко чап!Убагында карап чара көрбөйсүңбү.Пандемия бүтсө элге чараңын эмне кереги бар?Эл азыр муктаж болуп атпайбы.
+14
-BOSS-
2020-07-05 12:48:00
Курбан ыраазынын ордуна ушун мер кылып койгулачы
-2
zevs
2020-07-05 13:08:42
Ушул киши еркек екен. Кудай буйурса женип чыксак баарын мамлекетке откоруп салгыла.
-2
Bars88
2020-07-05 14:26:10
Алы жетпеген акыретчи.Азыр ушундай кыйын мезгилде элге жардамын тийбесе суйлобо.Бааны тушурбосо жаптырып салса кучу жетет ошо маалда тушурушмок бааны
+2
Abdizhapar
2020-07-05 22:48:23
Бул кундор откончо эсептешсен темирди кызуунда чап дейт го
+2
namys
2020-07-05 22:52:10
Балбак эркек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан