"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан сутка ичинде 13 миңге чукул адам каза болду

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 146 миллион 79 миң 735 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 84 миллион 107 миң 297 бейтап айыгып чыкса, 3 миллион 96 миң 110 (+12875) адам илдеттен каза болду. Статистикалык маалымат бүгүн, 25-апрелге карата алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 32 миллион 42 миң 854 болду. 571 миң 914 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 16 миллион 610 миң 481 адамдан аныкталды. 189 миң 544 адам каза болсо, 13 миллион 867 миң 997 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 14 миллион 308 миң 215 адам вируска кабылган. 389 миң 412 бейтап көз жумса, 12 миллион 606 миң 11 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан