"Чыр чыккан жерде абал олку-солку, жергиликтүү жашоочулардын арасында курч абал сакталып турат". Баткендеги өкмөт өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен маек

SUPER.KG порталы чек ара чыры боюнча Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен маек курду.

- Өмүрбек Исакович, жергиликтүү тургундар бизге жеринде абал курч экенин, ок атышуу дагы да токтобой жатканын кабарлап, тынчсыздануусун билдирип жатышат. Өкмөт өкүлү катары кырдаалдан кабарыңыз бар. Айтсаңыз, азыр чыр чыккан аймакта абал кандай?

- Азыркы тапта Баткендеги абал олку-солку болуп турат. Бирок кечээ күнкүгө салыштырмалуу абалды стабилдүү деп айтсам болот. Анткени кечээ эки тараптын жарандары арасында таш ыргытуу жана ок атышуу болгон. Ошенсе да абал турукташып калды дегенибиз менен эки тараптын тең жергиликтүү жашоочуларынын арасында курч абал сакталып турат. Окуяга байланыштуу өкүлчүлүктө атайын штаб түзүлгөн. Анда айыл өкмөт, өкмөт өкүлчүлүгү жана бардык тиешелүү тараптар болушунча иштеп жатат. Анан да жарадар болгон жарандар тууралуу айтсам биз тараптан бир адам ок тийип жаракат алса, үч адам таш ыргытышуудан жаракат алган. Биз алардын абалын сурап, кабар алып жатабыз.

- Кыргыз өлкөсүнүн Чек ара кызматы чууну Тажик тарап чыгарганын, алар коңшу өлкөнүн бийлигине телефон чалса жооп бербей жатканын айтып, маалымат таратты. Сиздер дагы кечээ Тажик тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдүңүздөр, анда кандай келишимге келдиңиздер эле? Эмнеге мындай чырга жол берилип кетти?

Кечээ күнү эки делегация нейтралдуу тилкеде жолукканбыз. Анда сүйлөшүү дээрлик 3 саатка созулган. Бүт маселелердин баары ошол жерден толугу менен чечилген. Андан кийин эки тарап тең ар бирине тапшырмаларды берип жөнөткөнбүз. Ошол жерде бир маселени Тажикстандан Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода өзүнүн акимине дайындаган. Ахмадзода "жанагы видеокамераны азыр барып алып койгула" деп ага буйрук берген. Аны менен кошо 2-3 генерал, полковникти кошуп берген.

Анан суу тосмого келгенде алар видеокамераны албай койду. Мына ошондон улам чыр чыгып кетти.

- Негизи облус жетекчисинин буйругун анын кол астындагы бийлик өкүлү угуш керек болчу да. Балким, эки тарап сүйлөшүп алган эмеспи? Тапшырманы аткарбаган тарапка жаза колдонулат бекен? Силер Кыргыз бийлигинин өкүлү катары талап кылганга укуктуу болсоңор керек.

- Азыр эки тарап тең өз деңгээлинде иштеп жатат, бирок алардын деле чыр-чатак чыгарууга ниети жок болчу. Бирок ал камера азыр да алына элек, анткен менен камерага ок тийип сынган. Албетте, биз тапшырманы аткарууга моюн сунбаган Тажик бийлик өкүлүнө чара колдонуусун өтүнгөн талаптарыбызды айтып жатабыз.

Азыр биз абалды дагы да турукташтырууга болгон күч-аракетибизди жумшап, иштеп жатабыз.

- Интернет желелерине Тажик тараптын окопторду казып, таштарды топтоп, каптарга кум толтуруп бир нерсеге даярдык көргөнүн чагылдырган видео, сүрөттөр тарап жатат. Бул көрүнүштү Тажик тараптын кандай аракети деп бааласак болот?

- Ооба, ал сүрөт, видеолорду биз дагы көрүп жатабыз. Анткени 2014-жылы так ошол жерде эки тараптын куралдуу кагылышуусу болгон. Кечээги жолугушууда бул тууралуу да сүйлөшкөнбүз. Ошол жылдары ошол жерде эки тарап курал колдонушкан, андан кийин ал жерде эч кандай кагылышуу болгон эмес.

Белгилей кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан Кыргыз-Тажик чек арасында чыр чыкканы кабарланган. Анда чыр Ак-Суу дарыясынын жээгиндеги Тажикстан менен чектешкен чек арадан 3-4 метр аралыкка тажик тарап шагыл түшүрүп баштаган. Кыргыз өлкөсүнүн чек арачылары ишти токтото турууну өтүнүшкөн, бирок Тажикстандын атуулдары Кыргыз чек арачыларынын талабына карабай ишин токтоткон эмес. Андан соң тажик тарап Головной тилкесиндеги электр мамыларына видео байкоо орното баштаган. Ага Чек ара кызматынын кызматкерлери барып, видео камераларды уруксатсыз орнотууну токтотууну талап кылган. Ал эми бүгүн, 29-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы маалымат таратып, чырды Тажик тарап баштаганын маалымдады. Маалыматта айтылгандай, кырдаалдын курчушуна Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттери себеп болгон. Андан көп өтпөй, Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы окуя боюнча эки кылмыш иши козголгонун билдирди.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан