Айтымында, абалдан азыр да чыгууга аракеттер көрүлүш керек, бирок чырдан адамдардын жаракат алганы, каза тапкан учурлар катталганы жана айылдар күйүп күлгө айланганы өкүнүчтүү болуп турат.
"Абалдан чыгуу үчүн эки тараптын бийлик өкүлдөрү сүйлөшүп, биз тарап элибизди коргоого ар дайым даяр турушу керек болчу. Бийлик куралдуу күчтөрдү, жергиликтүү элди дагы мүмкүн болушунча куралдандырып, машыктыруудан өткөргөн болсо буга жетмек эмеспиз. Бирок бизде андай болгон жок.
Албетте, азыр абалдан чыгуунун жолу - дипломатиялык сүйлөшүү, чек араны тактоо иштерин болушунча тездетүү. Андан сырткары Тажикстан менен болгон карым-катнаштын баарын азырынча токтотуу керек. Чоң-Алай тараптан дагы, Баткен тараптан дагы бардык транспорттордун токтотулушу талапка ылайык. Албетте, чек ара чыры бул көптөн бери келе жаткан маселе.
Ал жерде ар дайым акыбал кыйын, талаш жерлер көп. Буга чек ара боюнча чатактар далил. Ошол эле учурда биздин өзүбүздөн дагы айып кемчиликтерди карашыбыз керек. Ушул кемчиликтерге жооп берүүгө аракет жасашыбыз керек. Ал кандай кемчилик? Биринчиден, чек ара боюнча октябрдан кийинки бийлик ультимативдик формадагы сөздөрдү айтышкан. "Биз муну тособуз, аны антебиз" деп көп сөз убада кылган. Ошол эле учурда аскердик машыгуу өткөрүшкөн. Мына ушул аракеттер да тигил тараптын "кыргыздар бир нерсеге даярданып жатыптыр" деген түшүнүгүнө себеп болуп койду. Мындан улам алар дагы катуу даярданышты.
Ал эми эң чоң катачылык ушундай кырдаал чыңалып жаткан учурда Ташиевдин жок болгону абдан жаман болду. Бул учур биз тараптын ал жердеги акыбалдын оорлошуна алып келди. Чек ара кызматынын башчысы жок болуп калган учурда баары башсыз калды. Камчыбек Ташиев чыңалуу учурунда жеринде болуш керек эле.
Тажик тарап мурунтан эле даярданып жүрүшкөн. Аларда кыргыздар ушундай аракеттерди көрүп жатат, биз аларга сес көрсөтүп коёлу дешкен. Коңшу тараптын башкы максаттарынын бири сууну көзөмөлдөө болсо, экинчиси Ворух менен Ходжент тарапты туташтырууну ниет кылышкан. Ошон үчүн биздин жетекчилик Ворух менен Исфаранын ортосундагы аймакты катуу кайтарыш керек. Анткени ал биздин аймак болуп эсептелет. Биз ошол жерди алдырган болсок, анда Баткендин жарымы анклавга айланып кетет", - деди Акматов.
Айданбек Акматовдун айтымында, чек ара боюнча мурунтан эле эл тарабынан көп сунуштар айтылып келген, бирок ал пикирлерге эч ким көңүл бөлбөй койгон.
"Жергиликтүү эл тарабынан көп сунуштар айтылды, бирок аракет болгон жок. Анда чек арага жакын жашаган адамдарды куралдандырып, окутуу максатка ылайык болчу. Алар болсо элин атайын окуудан өткөрөт. Бирок буга эч көңүл бөлүнбөй, аткарылбай койду.
Кайсы бир деңгээлде күч структуралары ал жердеги чек араны бир топ бекемдеди, бирок акыркы окуялар ал жетишсиз экенин көрсөттү. Ал жерде жетекчиликтин бирдиктүү командасынын жоктугу, пландын жоктугу бизге чоң сокку болду.
Канчалаган адамдар жаракат алып, каза тапкандар болду, айылдар күйүп күлгө айланды. Бийлик тараптан шалаакы мамиле жасалып, күжүрмөн даярдык болгон жок. Бул биз үчүн абдан өкүнүчтүү болуп турат".
Белгилей кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан Кыргыз-Тажик чек арасында чыр чыкканы кабарланган. Анда чыр Ак-Суу дарыясынын жээгиндеги Тажикстан менен чектешкен чек арадан 3-4 метр аралыкка тажик тарап шагыл түшүрүп баштаган. Кыргыз өлкөсүнүн чек арачылары ишти токтото турууну өтүнүшкөн, бирок Тажикстандын атуулдары кыргыз чек арачыларынын талабына карабай ишин токтоткон эмес.
Андан соң тажик тарап Головной тилкесиндеги электр мамыларына видео байкоо орното баштаган. Ага Чек ара кызматынын кызматкерлери барып, видео камераларды уруксатсыз орнотууну токтотууну талап кылган.
Ал эми 29-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы маалымат таратып, чырды Тажик тарап баштаганын маалымдады. Маалыматта айтылгандай, кырдаалдын курчушуна Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттери себеп болгон.
Соңку маалыматтарга ылайык, ок атышуунун натыйжасында азыркы учурга 134 адам жабыркап, 13 каза болду.
25 жаран атайын учак менен Бишкек шаарына ооруканага которулду. 86 жаран Баткен облустук ооруканага жаткырылган.
Чек арадагы учурдагы абал тууралуу акыркы маалыматтарды ушул шилтемеге кирип окуңуз.