"Катуу кыжаалат болуп, тынчсыздангандан кан басымы көтөрүлүп кетиши мүмкүн". Лейлекте бир аял киши каза болду

Лейлек районунун Маргун айылында 43 жаштагы Чынара Шамшиева каза болду. Маалыматты саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев тастыктады.

Анын айтымында, аял катуу кыжаалат болуп, тынчсыздангандан кан басымы көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Ал Арка айылынын жашоочусу болгон.

"Маркум эмнеден каза болгону судмедэкспертизанын жыйынтыгында толук белгилүү болот", - деди министр.

Министр Бейшеналиевден ал жактагы абал тууралуу сурасак, абал курч бойдон сакталып турганын, жеринде бийлик өкүлдөрүнөн эч ким жок экенин тынчсыздануу менен кабарлады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Tansuluu09
2021-05-01 14:59:10
Элдин кыжырын кайнатты бийлик.. Элдик кабарга ишенгиле , бийлик тараптан берген маалыматтар 99% жалган.
+15
Adi010891
2021-05-01 15:03:13
Ооо дабдырлар. Бийлик окулунон эч ким жок болсо, анда шорубуз каткан экенда
+14
Kuban-1207
2021-05-01 15:04:41
120 эшек кайда жүрөт
+12
JaneEr
2021-05-01 15:05:23
Бул бийлик 100% ишеничтен кетти,Ташиев келип да чече албады.Эми эл эле оздору аракет кылбаса,бийликтен пайда жок окшойт.
+11
Nuran-1982
2021-05-01 15:07:37
2010-жылы Отунбаева Кыргыздарды озбектерге салып бергендей кылып Жапаров Ташиев тажиктерге Кыргыздарды салып берген окшойт. Силер ушинтип коркутуп койбосонор биз убада кылган жерди эл бербей жатат деп. Биздикилер ок чыгарбайт деп.
+15
Shabi
2021-05-01 15:29:20
Тажик президенти менен суйлошуу Бир эмес эки жолу болду,Садырды ты не кто деп тоготпой жатат окшойт.бообосо тажик президенти Бир звонок менен баарын оордуна койуп коймок да.А президенттик апараттан суйлошуу журду шумдук болду макулдашты деп эле жатышат.
+5
Milduri
2021-05-01 15:29:20
Эл журт Ташиев тажиктерге ответ кылып ок чыгаргыла десе тажиктер күтүп эле турат согуш башталып кетет экен, анан токтотуш кыйын, көп адам кырылып калышы мүмкүн. Баарынан да ээлеп алышкан айылдарыбызды өзүбүзгө алсак экен.
+5
JaneEr
2021-05-01 15:42:33
Эми эмне болот,дагы канча кан тогулот...Неужели башка жолу жок...
+5
Lina2020
2021-05-01 16:02:13
Google Mapта кыргыз айылдары Тажикстандын картасына өттү. Үмүт өчтү.
+3
al-abu-kinesz
2021-05-01 18:24:42
Бул жерде Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин куноосу жок!!! Ушул ахыбалга келтирип койгон Акаевден баштап Сокеге чейинкилер куноолуу! Азыр Жапаров менен Ташиевден башка Баланчаев менен Тукунчоевин да эч нерсе кыла алмак эмес! Олкодо экономикалык, саясий кризис болуп турган учурда эн орчундуу делген чек ара маселесин чечиш айга жоо баруудай эле болуп турат. Бизде да военная структура кучтуу болгондо Ташиев барып кыстырып эле коет эле!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан