Өткөн жылдын 8-майында Баткен облусундагы чек ара чырында тажик тарап өрттөп жиберген үйдө эки үй-бүлө жашап келген. Эсиңизде болсо, буга чейин күйгөн үйдүн 78 жаштагы ээси
Барака Хамдамова SUPER.KG порталына окуянын чоо-жайын айтып,
маек курган.
Бүгүнкү күндө үйү күйгөн апанын уулу
Эсен Маджитов Орусияда кармалып, камакта жатат. Буга чейин тажик тарап Эсен Маджитовго кылмыш ишин козгоп, издөө жарыялаган.
"Азыр тажиктер жолдошумду экстрадициялап, Тажикстанга алып кетүү аракетин көрүп жатат, биз бийлик өкүлдөрүнө кайрылабыз, бизге жардам бериңиздер" деген Маджитовдун жубайы Айзада Хамдамова SUPER.KG порталына окуянын чоо-жайын айтты. Айтымында, жолдошу Орусиядан кармалып, камакка алынуусу куру доомат.
"Жолдошум Орусияга иштегени кеткен, ошол күнү эле аны аэропорттон кармап алып кетишиптир. Ал күн 18-апрель күнү болчу.
Ал өзүнүн жерине эгин эккени үчүн айыптуу болуп жатат. Ал жер Кыргыз өлкөсүнө таандык болуп келип, кийин эле талаштуу аймакка айланып кеткен. Негизи коңшу тарап өздөрү уруш баштап, баарын өрттөп, чыр чыгарышкан. Алар менин жолдошума "Тажик тарапка тиешелүү болгон жерди туугандары менен бөлүп алган, чыр чыгарган" деп куру доомат коюп жатышат. Биз буга байланыштуу тиешелүү жерлерге кайрылып жатабыз, губернаторго бардык. Алар "сүйлөшөбүз, документ топтогула жардам беребиз" деп убада беришти. Беш балам бар, жолдошумдун эркиндикке чыгуусун, куру дооматтын негизинде камалып кетүүсүн каалабайм", - деди Хамдамова.
Эске салсак, 8-майда Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыздар менен тажиктердин ортосунда чыр чыккан. Жергиликтүү тургундардын жана расмий бийликтин билдиришинче чыр жер тилкесин талашуудан чыккан жана аныгында талашка түшкөн жер тилкеси кыргыздарга тиешелүү болгон. Тажик тарап чыр-чатак учурунда чек араны чок ортосунда жайгашкан кыргыз тарапка тиешелүү үйдү да өрттөп жиберишкен. Жер тилкеси үчүн 30-40ка чукул кыргыздар менен 30-40тай тажиктер бири-бирине таш ыргытышып, уруш учурунда ок дагы атылган.
Ок атышуунун кесепетинен Чек ара кызматынын 3 аскери жана 1 тургун жаракат алган. Ал 3 аскер кызматкери Бишкекке алып
келинген. Чек ара чырында ок тийип жаракат алган
С.уулу М. аттуу аскердин
абалы оор экени айтылган.
Ал эми окуя боюнча эки өлкө тең бири-бирин күнөөлөп жатышат. Буга чейин Кыргыз өлкөсү чек арадагы чыр боюнча Тажикстанга каршылык билдирүү нотасын жөнөткөн. Тажикстан нотага
жооп берген.