Бүгүн, 8-май - Кызыл Жарым Ай жана Кызыл Кресттин бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул күн 1828-жылы жарык дүйнөгө келген швейцариялык гуманист Анри Дюнандын урматына коюлган. Анри Дюнан согушта жаракат алгандарга жардам берүү демилгесин көтөрүп, айланасына бир канча ыктыярдуу адамдар тобун топтой алган. 1863-жылы анын чакырыгы боюнча конференция уюштурулуп, ал жыйында Кызыл Крест уюму уюшулган.
Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай уюмдары Советтер Союзунда 1925-жылы негизделип, анын ишмердиги Кыргыздын аймагына да тараган. Эгемен Кыргыз өлкөсүндө да азыр аталган уюмдар кайрымдуулук программаларын жүзөгө ашырып, миңдеген адамдар алардын кайрымдуулугуна иш жүзүндө күбө болуп келишет.
8-майдын жылнаамасы.