Казакстан AstraZeneca вакцинасын колдонуудан баш тартты

Казакстан AstraZeneca вакцинасын алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотту. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, аталган өлкө AstraZeneca вакцинасынын айланасында көптөгөн жагымсыз пикирлер айтылып жатканынан ушул кадамга барган.

"AstraZeneca вакцинасын алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр токтотулду. Мунун негизги себеби вакцинага карата айтылган жагымсыз пикирлер болду", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, COVAX программасынын алкагында, 420 миң доза AstraZeneca вакцинасы Кыргыз өлкөсүнө берилип жатканын саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирген.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aimani
2021-06-10 09:01:10
Биз дагы баш тартыш керек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан