Депутат Дастан Бекешев коронавирус илдети акчасы жок адамдарга салык болуп калганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Жарандар бет кабы жок жүрүшсө, маалымкат жок болсо айып пул салынат. Унааларыбыз жок болсо жөө жүрөбүз", - дейт ал.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул баарыбызга келген оорчулук экенин эскертти. "Бул оорчулукта ар ким өзүнө тиешелүү милдетти аткарыш керек. Мисалы, бет капты өзүңдүн ден соолугуңду сактабасаң да кийүү зарыл. Бет кап кийбеген жаран үйүнөн чыкпаш керек", - деди өкмөт башчы.
Учурда Жогорку Кеңеште өкмөттүн отчёту каралууда.