Алымкадыр Бейшеналиев: "Учурда COVID-19 менен ооругандар жогорку чекке жетти, 10-15 күндөн кийин басаңдай баштайт"

Кыргыз өлкөсүндө коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны жогорку чекке жеткенин, бүгүн, 12-июлда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев парламенттин бюджет жана каржы комитетинде сүйлөп жатып билдирди.

"Бишкек шаарында учурда медициналык мекемелерде COVID-19 менен ооругандарга 340 орун бар. Жалпысынан 2 миң 243 орун даярдалды. Күн сайын биз 250-300 орунду түнкү убакытка калтырып жатабыз.

Мен 3 ай мурун эле айткам, июнь, июль айларында COVID-19 менен ооругандар туу чокуга жетет деп. Менин оюмча, биз жогорку чекке жеттик, 10-15 күндөн кийин басаңдай баштайт", - деди Бейшеналиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан