Азербайжан Кыргыз өлкөсүнө кайтарымсыз негизде 40 миң доза вакцина бермей болду

Азербайжан Кыргыз өлкөсүнө коронавируска каршы вакцинанын 40 миң дозасын бермей болду. Вакцина кайтарымсыз негизде берилерин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, министр Руслан Казакбаев 1-3-июль аралыгында Азербайжан өлкөсүнө иш сапары менен барган.

"Жетишилген макулдашууга ылайык жана коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү максатында Азербайжан "AstraZeneca" вакцинасынын 40 миң дозасын кайтарымсыз негизде берет. Учурда тараптар вакцинаны жеткирүүнү, аны бардык талаптарга ылайык сактоо маселелерин талкуулоодо.

Кыргыз өлкөсү гуманитардык жардам көрсөткөнү үчүн Азербайжан мамлекетине ыраазычылыгын билдирет. Аталган вакцина 20 миң адамдын өмүрүн сактап, коопсуздугун камсыз кылат", - деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан