Индиянын Ражастан штатынын башкы министри Ашок Гелот коронавирустун үчүнчү толкуну башталганын жарыялады. Бул тууралуу министрдин социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Министрдин айтымында, буга чейин 111 өлкө коронавирустун дельта түрүн каттаган. "Улуу Британияда күнүнө оорулардын саны 50 миңден ашып, көптөгөн өлкөлөрдө тездик менен өсүүдө. Үчүнчү толкун келди окшойт", - деп жазган ал.
Гелот Индия өкмөтүнө эл аралык каттамдардын санын азырынча көбөйтпөөгө кеңеш берген.
Акыркы маалыматтарга караганда, Индияда вирустан каза болгондордун саны 400 миңден ашкан. Өлүм деңгээли боюнча өлкө дүйнөдө үчүнчү орунда турат.