Бүгүн, 3-августка карата 22 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Бишкекте – 12;
Баткенде – 3;
Нарында – 1;
Ош облусунда – 1;
Чүйдө – 5.
Республикалык штабдан билдиришкендей, республика боюнча медицина тармагынын 6 миң 524 кызматкери илдеттен жабыркады.
Ал эми бир суткада стационардан 12, үй карантинден 30 медицина кызматкери айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча 5 миң 936 дарыгер айыкты.