Бүгүн, 29-августка карата республика боюнча СOVID-19 жана пневмония илдети дагы 213 жарандан аныкталды. Республикалык штабдын статистикасына ылайык, алар төмөнкү аймактарда катталды.
Бишкек - 94;
Ош шаары - 6;
Чүй облусу – 27;
Ош облусу – 4;
Талас облусу - 14;
Нарын облусу - 5;
Ысык-Көл облусу – 45;
Жалал-Абад облусу – 6;
Баткен облусу - 12.
Кыргыз жергесинде коронавирус инфекциясы аныкталган күндөн бери жалпы 175 миң 437 жаран жабыркады.
Ал эми соңку сутка ичинде бул илдеттен 348 адам айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Муну менен сакайгандардын саны жалпы 169 миң 117 болду.