Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушундагы үйү түрттүрүлүп, балдары менен көчөдө калган Марал Шаболотованын ишинен кийин бир нече адам камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, келиндин үйү түрттүрүлгөндөн кийин кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш иштин алкагында Сокулук районундагы мамлекеттик органдардын кызмат адамдары жана жер сатуу менен алектенген адамдар Ак-Ордо конушундагы жер тилкелердин документтерин жасалмалоо менен жеке менчикке чыгарып, сатышкандыгы аныкталган.
Бул кылмышка шектүү катары Сокулук районунун архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы орун басары А.Б.Т, башкармалыктын адиси С.Т.М, райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн адиси М.Р.А, аталган кызматтын картографы Д.А.О жана М.Р.Ж аттуу жарандар кармалышты.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иш-чарасы жүрүүдө.
Эскерте кетсек, Бишкектин чет жакасындагы Ак-Ордо-3 конушунун Марал Шаболотова аттуу тургунунун үйү 1-мартта түрттүрүлүп, аял балдары менен көчөдө калган видео социалдык тармактарга тараган. Ал күндүн эртеси жерине бир топ жарандар чогулуп, үйсүз калган келинге боз үй тигип беришкен.
Президент Садыр Жапаров 5-мартта Ак-Ордо конушуна пландан тышкары барып, балдары менен барар жери жок калган аял менен жолуккан. Мамлекет башчысы күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берген.
Мындан сырткары Садыр Жапаров 6-мартта жер мунапысы мыйзамынын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, анда бул багытта канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алды.
Ошондой эле министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 "Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 27-пункту жокко чыгарылды.